Москванын Бутыр райондук прокурор жардамчысынын өлүмүнө шектүү Бишкектен кармалды
- 4 года мурун
КР Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Москва шаарынын Бутыр районждук прокурордун жардамчысын өлтүрүүгө шектүү жаранды Бишкек шаарынан кармады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
29-ноябрда КР УКМК ККК тарабынан Бишкек шаарында Москва шаарынын Бутыр райондук прокурорунун жардамчысын өлтүргөндүгү үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Россия жараны, 1997-жылы туулган Л.М.Ю. кармалган.
Кармалган чет өлкөлүк жаран мамлекеттер аралык макулдашууга ылайык Россияга экстрадициялоо үчүн КР ИИМ криминалдык милиция кызматына өткөрүлүп берилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү