​Алмазбек Атамбаевди сотко күчтөп алып барышты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда уланган кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күчтөп алып барышты.

Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев мурда сотко баруудан баш тарткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 29-ноябрга жылдырылган болчу.

Адвокат Сергей Слесаревдин буга чейин айтканына караганда, бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы башка.

Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты