​Азербайжанда башкаруучу партия парламентти таратууга чакырды

  • 4 года мурун

Азербайжандын башкаруучу партиясы парламентти таратууну демилгелеп, мыйзам чыгаруу органынын азыркы курамы партия лидери жана өлкө президенти Илхам Алиев жүргүзүп жаткан саясатка төп келбей турганын жарыялады.

«Жаңы Азербайжан» партиясынын аткаруучу катчысы Али Ахмедов бул кадам Алиевдин реформалар жана кадрдык өзөрүүлөр жаатындагы саясатын колдоого багытталганын 28-ноябрда Бакуда өткөн маалымат жыйынында айтты.

Ал мыйзам чыгаруучу бийлик бутагын жаңылоо жана экономикалык реформаларды тездетүү үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтты. Улуттук Кеңешти таратуу маселеси 29-ноябрда парламенттик жыйында каралат.

Азербайжан президенти парламентти таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо укугуна ээ. Шайлоо парламент тарагандан кийин үч айдын аралыгында өтүшү керек.

Азербайжанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылы ноябрда өтмөк. 2015-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча Илхам Алиевдин партиясы жеңишке жеткен. Азербайжандагы бардык оппозициялык партиялар шайлоого байкот жарыялап, катышкан эмес.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты