УКМК аймактар аралык кастыкты козутту деп кармаган жаран — «Беспредел KG» баракчасынын автору

  • 4 года мурун

УКМК аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча 24-ноябрда кармаган жана камаган жарандын аты-жөнү- Афтандил Жоробеков, фейсбуктагы «Беспредел KG» баракчасынын автору экендиги маалым болду.

Бул тууралуу анын бир тууганы Чынара Темирова Президентке жолдогон видео кайрылуусунда билдирди.(Видео кайрылуу төмөндө)

Темированын айтымында, Афтандил Жоробеков 1984-жылы туулган, фейсбуктагы «Беспредел KG» баракчасынын автору.

Темирова ар ким өз оюн билдирип чыгууга укуктуу экенин айтып, анын бир тууганы Афтандил Темирович Жоробековду бошотуу керектигин билдирди.

Афтандил «Хабибулла жана Соке Райымды чыгарып кетти» деген посту үчүн камалганын айтты.

«Бул сөз эркиндигине куугунтук» деп билдирди Темирова.

Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын башкы тергөө башкармалыгы аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу А.Ж. кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилгендигин УКМК басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда, кабарлаган.

Андагы расмий билдирүүдө минтип айтылат:

«А.Ж” жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири — бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан.

2019-жылдын 25-ноябрында “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген.Тергөө жүрүп жатат» деп билдирген УКМК басма сөз кызматы.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова атайын кызмат тарабынан кармалган Жоробековдун бөгөт чарасы каралып, соттук өндүрүш аяктагыча, 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынганын «Азаттыкка» ырастады.

Сүрөттө: Афтандил Жоробеков, Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты