Бахадыр Кочкаров эл аралык карьерасын жыйынтыктады

  • 4 года мурун

26-ноябрда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында AFC Referees Memento Awards 2020, арбитрлерди узатуу аземи болду.

Бул тууралуу КР футбол федерациясы билдирди.

Бахадыр Кочкаров Азия футбол федерациясынын атайын сыйлыгын алды.

Бахадыр Кочкаров футболдо калыс катары 1997-жылы ишин баштаган.

Алгачкы жолу 1997-жылдын 26-майындагы футбол оюнуна калыстык кылган. Ал дүйнөнүн чемпиондугуна тандоо алкагында (U-19), Өзбекстандын курама командасы менен Камбоджа курама командасынын ортосундагы мелдеш болчу.

2019-жылдын 10-ноябрында Бахадыр Кочкаров өзүнүн эл аралык карьерасын жыйынтыктоочу калыс катары милдетин аткарды.

Кыргызстандык рефери асисстентинин эсебинде дүйнөлүк чемпионаттын 9 оюну бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты