Ош облусунда жер титиреди

  • 4 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-ноябрда, саат 7:08 де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Өзгөн районунун Жийде, Ничке-Сай, Ак-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты