Өкмөт коррупциялык иш-аракеттерди иликтөөнү тапшырды

  • 4 года мурун

Өкмөт журналисттик иликтөөдө чагылдырылгандардын баары, анын ичинде мурдагы жана учурдагы кызмат адамдарынын коррупциялык иш-аракеттери, азыркы тапта тиешелүү компетенттүү органдар тарабынан иликтенип жатканын билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын жетекчилерине кыска убакыттын ичинде териштирүү жүргүзүүнү тапшырды.

-Учурда сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, ар тараптуу жана терең териштирүү үчүн ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү.

Өкмөт ошондой эле Түркияда чет элдик бизнесмендин өлтүрүлүшүн иликтөө максатында түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын ишине бардык күчү менен аракеттешүүгө даяр.

Мамлекеттик бажы кызматында адамдык факторду азайткан, бажы процедураларынын дээрлик бардык баскычтарынын ачык-айкындыгын камсыз кылган электрондук системаларды колдонуу менен көзөмөлдөөнүн жаңы технологиялары активдүү киргизилип жатат.Мисалга алсак, «Торугарт», «Эркечтам» бажы постторунда заманбап текшерүү комплекстери пайдаланууга берилген, жакын арада алардын ишине онлайн-көз салуу жана өтүп жаткан жүктөр тууралуу бардык маалыматтарды алуу мүмкүндүгү түзүлөт, -деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө жарыяланган.

Анда миллиондогон долларлар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип-чыгып турганы айтылган.

Сүрөттө: Аталган иликтөөдө сөз болгон Саймаити жана Райым Матраимов. Коллаж сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты