Ашууда кардын бийиктиги канчалык?

  • 4 года мурун

Бүгүн, 25-ноябрда, негизги автоунаа жолдорунда, ашуулардагы кардын бийиктиги боюнча Кыргызгирометерология агенттигинин маалыматын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 10-35 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 15-55 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тонгон.

Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-37 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тонгон.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 10-42см түзөт.

Бишкек-Торугарт авто унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-28 см түзөт. Жол ачык.
Каракол-Эңгилчек автоунаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 5-25 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусу 62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-18 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон.

Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 2-12 см түзөт.

Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолундагы 75-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусунда) кардын орточо бийиктиги 5-26 см түзөт.
Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты