Баңгизатты жарнамалаган баннер алынып салынды
- 5 лет мурун
ИИМдин баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы борбор шаардын көчөлөрүндөгү QR-коду бар баннер орнотуу фактысын текшерип жаткандыгын маалымдады.
Алардын айтымында, Бишкектин Курманжан датка жана Чүй проспектисинде орнотулган баннер алынып салынды.
Кечээ, 20-ноябрда,, ЖМКда баңгизатын жарнамалаган баннер орнотулганы айтылган.
Сүрөт: ЖМК булактарынан.
Муну бөлүшүү