Жээнбеков: “Ислам жана православие — биздин руханий мурасыбыз»

  • 4 года мурун

«Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Россиянын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулду.

Конференция Россиянын жана бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн диний жетекчилерин чогултуп, кызматташуу үчүн жалпы платформа түзүү ниетинде өткөрүлүп жатат.

Бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференция өтүп жатат.

Конференцияга аталган мамлекеттердин өкүлдөрү, элчилери, диний уюмдарынын башчылары жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, белгилүү эксперттер катышууда.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты