Жалал-Абадда кыздардын мушташы боюнча тергөө башталды
- 5 лет мурун
Жалал-Абад облсунун Аксы районунун окуучу кыздарынын жапырт мушташынын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Анда окуучу кыздардын ээн жакта, суунун жээгинде мушташып, чачташып жаткандыгы көрсөтүлгөн. Окуя 18-ноябрда болгондугу айтылат.
Жалал-Абад ИИБ мушташкандар Аксы районунун Мамытбеков атындагы мектептин окуучу кыздары экенин билдирди.
Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча катталып, кылмыш иши козголду.
Видеодон алынган сүрөт.
Муну бөлүшүү