​УКМК: 200 миң доллар далил акча жоголду деген маалымат чындыкка дал келбейт

  • 4 года мурун

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев пара катары алды деген 200 миң АКШ доллар далил акча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен жоголгону тууралуу Интернет тармактарында жана ЖМК жайылтылып, коомчулукта активдүү талкууланып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт деп УКМК билдирди.

— Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Ч.У. пара алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү аяктап сотко жөнөтүлдү.

19-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи-май райондук соту тарабынан тергөө иштерине чогултулган материалдардын жана жогоруда айтылган далил катары алынган акча кажаттарынын негизинде, алынган 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар мамлекетке киреше катары алуу боюнча токтом менен чечим чыгарылды.

Буга байланыштуу УКМК 200 миң АКШ доллары жоголгондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет. Муну менен УКМК жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулука жаман көрсөтүү максатында атайлап каралоо иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек, -деп билдирди улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымат тараттты.

200 миң доллар далил каражаттын УКМКдан жоголгондугун жана башка кемчиликтерге байланыштуу укук коргоочу Рита Карасартова Change.org сайтында Улуттук коопсуздук комитетинин жетакчилигинин отставкасын талап кылган петиция жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты