Үч эм же андан ашык бала төрөлсө, өкмөт ар бир балага 50 миң сомдон төлөйт
- 5 лет мурун
Өкмөт үч эм же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөк пулун төлөп берет.
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.
Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.
Үй-бүлөлөрдүн жетиштүүлүгүнө карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилет.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» кызматы киргизилди.
Муну бөлүшүү