Казакстанда соттолгон экс-депутат ​Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда контрабанда үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу 18-ноябрда Кыргызстанга экстрадицияланды. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына жаткырылды.

Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз борбору кабарлады.

Кыргыз Республикасынеын эл аралык аралык келишимдерине ылайык, андан аркы жаза мөөнөтүн экс-депутат Мекенинен өтөйт.

24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кескен.

Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадилов 10 жылга,Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылган. Бирок азыр Мурадилов менен Абакировдун Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу айтыла элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандарды «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп айыптаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты