Казакстанда мектептен өрт чыгып, 600 окуучу сыртка чыгарылды
- 3 жыл мурун
Караганда облусунун Жезказган шаарындагы мектептен өрт чыкты.
Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Казакстан ИИМ өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү Нурсултан Нурахметов билдирди.
19-ноябрда саат 11:39 да мектептеги өрт тууралуу кабар түшкөн.
Анын айтымында, өрт өчүрүүчүлөр келгиче кол эмгек кабинетинин эмеректери, токардык станокторунун күйө турган бөлүктөрү, полу, терезеси күйгөн.
Саат 12:10 до өрт өчүрүлгөн. 60 чарчы метр жер күйгөн.
-Өрт өчүрүүчүлөр келгиче мектептен 640 киши, анын ичинен 570 окуучу сыртка чыгарылган.
Өрттөн жабыркагандар болгон эмес, -деп айтты Нурахметов.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү