Жээнбеков: «11 шаарда саркынды суу маселеси көйгөйлүү»
- 5 лет мурун
Кыргызстандагы дагы бир көйгөйлүү маселе — айыл-шаарларда саркынды суудан тазалоо системасын киргизүү.
Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу форумунда билдирди.
— Бул маселе — Ысык-Көлүбүздүн тегерегинде өтө көйгөйлүү. Учурда 20 шаарда таза жана саркынды суу боюнча иштер башталды, дагы 11 шаарда бул маселе актуалдуу бойдон калууда,-деди Жээнбеков.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү