Грузияда демонстранттар парламент депутаттарын камап салышты

  • 4 года мурун

Грузияда демонстранттарды атайын отряд союл алып, суу чачып кууп таратып жаткандыгы маалымдалууда.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Sputnik Грузия агенттигине шилтеме берип, билдирди.

Демонстранттардын айрымдары атайын отряд жоокерлерин өткөрбөй, асфальтка жатып алышты.

Грузияда демонстранттар, бүгүн, 18-ноябрда, Конституцияга өзгөртүү киргизе албаган депутаттарды парламент имаратынан чыгарбай, кум салынган мүшөктөрдү коюп, камап салышкан.

Тбилисиде нааразылык акциялары 14-ноябрда башталган. Буга 2020-жылга белгиленген парламенттик шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты