Салык кызматы: 2020-жылдан КНС төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактура колдонууга өтөт
- 5 лет мурун
2020-жылдын башынан тартып кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчүлөрдүн бардыгы жана импорттук-экспорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу субъекттер милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтөт.
Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага даярдануу үчүн алар электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорго кошула алышат. Мындан тышкары, алдын ала квалификациялуу электрондук кол тамга алыш керек.
Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча сынак долбоор 1-июлдан тартып ишке киргизилип, жыл аягына чейин иштейт.
2020-жылдын башынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет жогоруда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө жүктөлөт.
Кеңири маалыматты салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан же 1240 телефону аркылуу алууга болот.