Гонконг полициясы университет имаратындагы акция катышуучуларын чыгарды
- 5 лет мурун
Гонконг полициясы акыркы күндөрү нааразылык акциялардын катышуучулары жайгашып турган политехникалык университеттин имаратын чабуул менен алды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, операция маалында кармалгандар жана жаракат алгандар бар. Учурда алардын саны такталууда.
Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Студентер полицияга күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, буга жооп катары укук коргоо кызматкерлери көздөн жаш агызчу газ менен желим окторду колдонушкан.
Окуу жайдын ректору операцияны токтотуу боюнча бийлик менен макулдашып, студенттерди имараттан чыгып, багынып берүүгө көндүргөн. Бирок активисттер полиция имараттан чыккандардын бардыгын кармап кеткенин билдирүүдө.
Полиция имартка чабуул жасалганын четке кагып, радикал маанайдагы активисттер гана кармалганын билдирди.
Гонконгдо нааразылык акциялар быйыл жайында башталган. Алгач нааразы болгондор кылмышка шектүүлөрдү Бээжинге өткөрүп берүү тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарууну талап кылып чыгышкан.
Бийлик бул тарапты аткарганына карабастан, активисттер акция маалындагы полициянын аракеттери боюнча иликтөө, кармалгандарды бошотуу, автономиянын башчысы Кэрри Ламды кызматтан кетирүү жана Бээжинден көз карандуулукту азайтуу талаптарын айтып келишет.
Нааразылык акциялар башталгандан бери Гонконг администрациясы автономияда бир нече чектөөлөрдү киргизген. Алсак, октябрдын башында беткаптарды кийип жүрүүгө тыюу салынган.
Бул эрежени бузгандарга бир жыл камакка алуу жазасы каралган. Мындай чектөөлөр нааразылыктардын жаңы толкунун жараткан. 18-ноябрда Гонконгдун Жогорку соту бул чечим парламенттин макулдугусуз кабыл алынганын билдирип, аны жокко чыгарган.