​CNN: Хиллари Клинтон бараткан учак шашылыш конду

  • 4 года мурун

Бортунда Хиллари Клинтон бараткан учак Нью-Йоркко шашылыш түрдө конгонун CNN ички иштер органдарына шилтеме берип кабарлаганын РИА Новости агенттиги бүгүн, 18-ноябрда, билдирди.

Айтымында, American Airlines авиакомпаниясынын учагы Нью-Йорктон Вашингтонго учуп баратып, аэропортко кайра кайтып келди. Учак кызматкери учактын бузук экенин байкап калып, Нью-Йорк шаарына саат 15.25 («23.15. мск) конгон.

Учкучтардын айтымында, терминалдан бир канча метр алыстагандан кийин, учак силкилдей баштаган. Аэропорт кызматкери, түтүн чыгып, учактын бир тетиги ыргып кеткенин баамдаган.

Андагы жүргүнчүлөр Вашингтонго башка рейс менен кеткен. Клинтондун администрациясынан учактын шашылыш конушу боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты