Сянган (Гонконг) шаарындагы кыргызстандыктарга коопсуздукту сактоо жагы эскертилди

  • 4 года мурун

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Сянган шаарындагы алты айдан бери каршылык акциясы токтобой келе жаткандыгына байланыштуу ал жакта жашаган кыргызстандыктарга коопсуздукту сактоого кеңеш берет.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Андагы маалыматта мындай деп айтылат:

-Шаардагы жашаган же иштеген жериңерден чыкпай, ал жактагы абал тууралуу интернет желеде талкуулабоону, эл арбын жашаган жерлерге барбоону өтүнөбүз.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Гуанжьоу шаарындагы башкы консулдук менен бирге Сянганда (Гонконг) жашаган кыргызстандык жарандарга тиешелүү көмөк берип жатат.

Кимде-ким Сянган шаарын көздөй жол тартса, ал сапарды кийинкиге калтырууну сунуштайбыз.

Ошол эле кезде Сянган шаарынан Алматыга «AirAstana» жумасына үч жолу (дүйшөмбү, шейшемби, жума) аба каттамы каттаарын билдиребиз . Ошондой эле Россия аркылуу да аба каттамы бар.

Өзгөчө кырдаал учурунда бул номерлерге кайрылуу сунушталат:

КР КЭРдеги элчилиги:

Тел.: +8610-64681348

Моб.: +8618611736340

+8613260203680

+8613581902801

Гуанчжоу ш.(КЭР) башкы консулдугу:

Моб.: +8613925051627;

+8618666093015.

Студенттерге эскертүү

Сянганда окусаңар:

-ар дайым жаныңарда ким экениңерди тастыктаган документ болсун;

-эл көп чогулган жерлердеги мыйзамсыз массалык акцияларга катышпагыла, интернет булактарында да ал окуяларды талкуулоого катышпагыла;

— окуган жериңерден себепсиз алыс кетпегиле;

-каршылык акциясы болгон жерлерге барбагыла;

-каршылык акциясына катышкандарга окшогон кийим кийбегиле;

-себепсиз жүзүңөрдү жаппагыла;

-полиция менен бет келсеңер талапты туура сактагыла, алар менен талашып-тартышууга барбагыла;

-Сянгандагы( Гонконг) баш-аламандыктардын видео-фотолорун сактабагыла, аларды интернетке койбогула, -деп Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги эскерткенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты