​КР Каттоо кызматы: Саймаитини өлүмүнө шектүүлөр Кыргызстандын жарандары эмес

  • 4 года мурун

КР мамлекеттик каттоо кызматы Стамбул шаарында Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөр Кыргызстандын жараны эмес экендигин расмий билдирди.

Стамбул шаарында жеке ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев менен Абдылла Энвер Кыргызстандын жараны эмес деп билдирди КР мамлекеттик каттоо кызматы. Алар Кыргызстандын паспортун да алышкан эмес.

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге Кыргызстандын паспортун берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл башталып, Сузак райондук калкты паспорттошторуу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирген.

Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болуп өлтурүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган.

Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Саймаитини өлтурүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.Ал эми шектүүлөрдү Түркияда кармоо учурунда алар кыргызстандык экендигин айтышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты