Балыкчыда мыйзамсыз арак чыгарган фирма аныкталды

  • 4 года мурун

Балыкчыдагы рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз даярдалган 0,5 литрлик идиштеги 21 миң 200 бөтөлкө арак продукциясы алынды.

Салык кызматы жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (финасы полициясы) Балыкчы шаарынан алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган фирманы аныктады.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Балыкчы алко трейд» компаниясы тарабынан «Оренбургский пуховый платок» маркасындагы арак лицензиясыз даярдалгандыгы аныкталган.

Октябрь айында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан фирманын иши 2020-жылдын 14-январына чейин токтотулган.

Бирок лицензияны колдонуу мөөнөтүн жаңыртуу жөнүндө Балыкчы шаарынын салык органына маалымат түшкөн эмес.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 0,5 литрлик идиштеги 21 миң 200 бөтөлкө арак продукциясы алынды.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты