​Чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишкердик аныкталды

  • 4 года мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финпол) чет өлкөдө ишке орноштурууга байланыштуу мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөрдү аныктады.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Финансы полициясы жазык кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүгү, мыйзамсыз ишкердик же банк иши боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган “Pro Style” жоопкерчилиги чектелген коом боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Финполдун Бишкек шаары боюнча башкармалыгына келген кайрылууда жарандарды ишке орноштурууга байланышкан мыйзамсыз ишмердиктин кесепетинен КР У.Т. аттуу жараны (Чехияда документтери жана медициналык камсыздандыруусу жок) оор турмуштук кырдаалга туш болуп калган.

У.Т. мурда “Pro Style” компаниясына Европа өлкөлөрүнө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 1 миң АКШ долларын төлөгөн.

Аталган компаниянын убадаларына ылайык У.Т.га Чехияга келгенде жумуш жана жашоосу үчүн керектүү документтер берилиш керек болчу. Бирок Чехияга келгенде ал жаран убадаланган жумуш орду, керектүү документтери жана медициналык Бирок Чехия Республикасына келгенде “У.Т.” деген жаран убадаланган жумуш орду, керектүү документтери жана медициналык камсыздандыруусу жок калган.

«Pro Style” компаниясы Кыргыз Республикасынын жарандарын Бишкек шаарында Чүй проспектиси 28/1 дареги боюнча ишке орноштуруу ишмердигин жүргүзүп келген

Мында аталган ЖЧК мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун мыйзамдуу жөнөтүүлөр реестринде катталган эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна уруксат алган эмес.

“Pro Style” ЖЧК тинтүү иштери жүргүзүлгөндө мыйзамга каршы иш-аракеттерди күбөлөндүргөн финансылык-чарбалык ишмердик жөнүндө документтер табылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты