​Мексика Боливиянын кызматтан кеткен президентине башпаанек берди

  • 4 года мурун

Боливиянын 10-ноябрда кызматтан кеткен президенти Эво Моралес Мексикадан башпаанек алып, Мехикого учуп келди. Бул тууралуу Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард «Твиттер» баракчасына жазды.

— Моралестин өмүрү коркунучта болчу, ошондуктан ага башпаанек берүү чечими кабыл алынды, — деп билдирди Эбрард. Буга чейин Моралес Мехикого оозеки жана жазуу түрүндө кайрылып, башпаанек сураган.

Моралес кызматтан кеткендигин 10-ноябрда билдирген. Мындай чечимди ал оппозициянын бул өлкөдө үч аптадан берип уланып жаткан нааразылык акцияларынан соң кабыл алган.

Моралестин аркасынан вице-президент, парламенттин эки палатасынын төрагалары, бир катар министрлер жана алардын орун басарлары, губернаторлор кызматтан кеткен. Мындан тышкары полиция Жогорку шайлоо сотунун төрагасын жана орун басарын камакка алган. Алар президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга тиешеси бар деп айыпталууда.

Бул өлкөдө массалык нааразылык 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодон соң башталган. Ал шайлоодо Эво Моралес төртүнчү жолу өлкө башчылыгына шайланганы жарыяланган.

Анда Моралес 47 пайыз, анын негизги атаандашы, оппозициячыл саясатчы Карлос Меса 36 пайыз алганы кабарланган. Меса шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, ошондон кийин анын тарапкерлери көчөгө чыгышкан.

Булак: Борбор Азия жа нылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты