​Республикалык бюджет тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

  • 4 года мурун

«Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү социалдык шарттарды жакшыртуу боюнча максаттарды ишке ашыруу үчүн зарыл.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты.

«2019-жылдын аягына чейин чыгашалар 165,3 млрд сомдун тегерегинде болжолдонду. Бул бекитилген бюджеттен 3,4 млрд сомго көптүк кылат. Ошону менен бирге Өкмөт социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл бурат. Бардык пландаштырылган долбоорлор жана социалдык төлөмдөр өз убагында жүргүзүлүүдө. Президенттин программасынын алкагында 1-октябрдан тарта 120 миң мугалимдин эмгек акысы көбөйтүлдү. Бул үчүн кошумча 1 млрд 742 млн сом табылган. 2020-жылы мугалимдерге жогорулатылган айлык төлөө үчүн 8 миллиард сом талап кылынат. Мындан тышкары гемодиализге 322,8 млн сом кошумча каралды. Маданий объекттерди оңдоого 238 млн сом багытталган. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттар дээрлик эки эсеге көбөйтүлүп, 6,0 млрд сомду түздү», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр киргизилип жаткан бардык өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп, аларды колдоону суранды.

«Башталган бардык иштер жана демилгелер 2020-жылы улантылат. Санариптештирүүнүн алкагында биз экономиканы электрондук форматка өткөрөбүз. Башкы негиздердин бири – салык процедураларын фискалдыштыруу. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо уланмакчы. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан «РСК банк» ААКга жергиликтүү ишкерлерди колдоо үчүн 35 млн АКШ доллары бөлүнөт. Мындан тышкары Кумтөр кенинин ишинин алкагындагы рекультивациялоо фондунун каражаттары экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат» деп билдирди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, башталган иш жана демилгелерди улантуу менен бирге 2020-жылы бир катар маанилүү иш-чаралар күтүлүүдө, алар чоң салымдарды талап кылат.

«Кеп калкты каттоо, укук коргоо органдарын реформалоо, ата мекендик спортчулардын Түркиядагы дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуусу тууралуу болуп жатат. Аны менен катар өлкөдө маанилүү саясий иш-чара пландалган – бул парламенттик шайлоо. Пландалган чыгашалардын суммасы 916 млн сом.

Депутаттар айтылган сын-пикирлерди эске алуу аталган мыйзам долбоорлорун колдоду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты