Жарылуу болгон “Антошка” ашканасынын ижарачысы үй камагына чыгарылды
- 5 лет мурун
Жарылып, андан кийин өрт чыккан “Антошка” тез татым ашканасынын ижарачысы үй камагына чыгарылды.
Бул тууралуу чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алганын Бишкек ИИБ басма сөз кызматы кабарлады.
8-ноябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, бир адам каза тапкан, 13 киши жабыркаган.
9-ноябрда тез татым ашканасынын ижарачысы кармалган.
Муну бөлүшүү