Өкмөт: Турак жайды каржылоону жакшыртуу протоколуна кол коюу менен мыйзам бузулган жок

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка тийиштүү өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Маалыматтарда мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишинин ар кыл аспектилеринен тышкары буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин протоколуна кол коюу менен колдонуудагы мыйзамын бузганы көрсөтүлөт.

2019-жылдын 18-октябрындагы «Кыргыз Республикасында турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө» кеңешменин протоколу жөнүндө сөз болуп жатат, ал мыйзамдарды бекем сактоо менен даярдалган.

Документте жазылган протоколдук тапшырмаларды чарбалык субъекттердин ишмердүүлүгүнө мамлекеттин кийлигишүүсү катары түшүндүрүүгө болбойт, анткени алар сунуштоо мүнөзүнө ээ, буга «макулдашуу боюнча» жазуусу күбө, — деп билдирди өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты