Президент Усубалиевдин небереси менен жолугушту
- 4 years мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
6-ноябрда, Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган 100 жылдык мааракесинн арналган салтанаттуу иш-чаралар тууралуу сөз болду.
Эрмек Усубалиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча демилге жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү