Тендер чыры боюнча «Гарсу Пасаулис» эл аралык арбитражга кайрыларын дагы эскертти

  • 4 года мурун

Кыргызстанда электрондук паспорт даярдоо боюнча тендерде жеңип чыккан литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы маселе оң жагына чечилбесе, эл аралык арбитражга кайрыла турганын дагы бир жолу эскертти.

Ишкана буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атына чырды тынч жол менен чечүү ниетин билдирип кат жибергенин, бирок ушуга чейин эч кандай жооп болбой жатканын кабарлады.

«Гарсу Пасаулистун» катында компания кыргыз өкмөтүнүн позициясын күтүп жатканы, эгерде маселе сүйлөшүү жолу менен тезирээк чечилбесе алар Эл аралык арбитражга

«Гарсу Пасаулис» компаниясы Кыргызстандын үстүнөн эл аралык арбитражга кайрыларын май айында да билдирген. Литвалык компания кыргыз өкмөтүнөн түздөн-түз алынбай калган киреше боюнча 12 млн. евро, ал эми ишкердик аброюна шек келтирилгени үчүн 50 млн. евро доолай турганы боюнча да сөз болгон.

Өкмөт «Гарсу Пасаулис» менен чырды тынч жол менен жөнгө салууну көздөй турганын жарыялаган.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

УКМК тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Германиялык компаниянын арызынын негизинде Бишкектин район аралык соту май айынын этегинде талашты карап, «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

Бирок сентябрда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү өзгөртүп, литвалык компаниянын пайдасына чечим кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты