Өзбекстанда азан айтууда үндү акырындатууну талап кылышууда

  • 4 года мурун

Наманган шаарындагы мечиттерде бир жумадан бери үн күчөткүчтүн жардамы менен азан айтуу токтотулду.

Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына жергиликтүү активист Аббас Асад билдирди.

Анын айтымында, азан үнүн азайтууга Наманган облусунун башкы имам-хатиби буйрук берген.

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү үн күчөткүч менен азан айтууга тыюу салынганын тастыктады. Анын айтымында, Наманган, Фергана, Анжиян облустары жана Ташкент шаарынын айрым жашоочулары азандын үнү катуу чыгып жатканы тууралуу аткаминерлерге даттанышкан.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиевдин 2019-жылдын 4-сентябрындагы жашыруун токтомунда мечиттерде азандын добушун азайтууга буйрук берилген.

Саламаттык сактоо министрлиги мечиттердеги динамиктерден чыгып жаткан үндүн ден соолукка тийгизген кесепети тууралуу бүтүм чыгарып берүүгө милдеттендирилген.

Быйыл жай айында ташкенттик аял азандын үнү анын оорукчан жолдошунун саламаттыгына терс таасирин тигизип жатканын айтып, бийликтен буга карата чара көрүүнү талап кылган.

Өзбекстанда 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин үн күчөткүчтүн жардамы менен азан айтууга тыюу салынган. Азан мечиттин ичиндегилерге гана угулгудай айтылып келген. Чектөө 2017-жылы ноябрда алынып салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты