Кыргыз милициясына 95 жыл толду

  • 4 года мурун

Бүгүн, 1-ноябрда, Кыргызстандын милициясына 95 жыл толду.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады.

Кыргыз жергесинде биринчи жолу, 1924-жылдын 1-ноябрында — облустук милициянын башкармалыгы түзүлгөн.

Ушул татаал жылдарда кыргыз милициясынын катарында фронтовиктер, Советтер Союзунун Баатырлары Калыйнур Үсөнбеков, Иван Немцев, Пётр Сидоров кызмат өтөгөн.

Милициянын даңктуу тарыхында Эргеш Алиев, Афанасий Пчёлкин, Николай Москов, Жапар Шабиров, Владимир Ушаков сындуу атактуу инсандардын аты алтын тамгалар менен жазылып калды.

Эгемендүүлүк жылдарында, кылмышкерлер менен болгон кармашта ички иштер органдарынын 170 кызматкери курман болду.

Алардын ичинде: милициянын полковниги Адылбек Султанов, капитандар Төлөбек Исмаилов жана Бакай Сыдыгалиев, улук лейтенант Муратбек Туйтунов,старшиналар Улан Сарыбаев, Өмүрбек Жумакадыров жана Замирбек Карабалаев бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты