Төрөбаев: «Баткендеги ооруканада жамааттын 92% жумуштан бошоп кетүүсү кооптонууну жаратат»

  • 4 года мурун

Депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 31-октябрда, парламент жыйынында Баткендеги ооруканадан дарыгерлер жамаатынын жапырт кызматтан бошоп кетүүсү кооптонууну жаратарын белгиледи.

—Баткен облустук ооруканада 52 дарыгерден 48 киши жумуштан кетүү боюнча арыз жазышты. Жаматтын 92%ы бошонуп кетти. Бул өтө кооптонууну жаратат, саламаттык сактоо тармагына, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет.

Алардын жумуштан кетишинин ондон ашык себеби бар: айлык маянанын аздыгы, негизсиз текшерүүлөр. Билим билим берүү системасында да негизсиз текшерүүлөр көп.

Булар Президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө үн катты. Бизди уксун деп ошол кадамга барды. Бул үн, көйгөйлөр жалгыз эле Баткенде эмес, бардык аймактарда көп -деди депутат Бакыт Төрөбаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты