Кыргыз-казак чек арасынан ок дары алып өтүүдө казак жараны кармалды

  • 4 года мурун

Кыргыз-казак чек арасынын “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрмө пунктунан Казакстандын жараны ок дары алып өтүүдө кармалган.

28-октябрда Кыргыз-казак чек арасынын “Чоң-Капка” өткөрмө пунктунан 1968-жылы туулган Т. А. аттуу казак жараны “Ауди-100” машинасы менен 12 калибрдеги 10 даана патрон менен кармалды.

Ал Кыргызстандан Казакстанга бараткан.

Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин казак жараны КР ИИМине өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты