​Текебаев менен Чотонов дагы эки ай үй камагында калды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр, эксэлчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды.

28-октябрда соттук териштирүүгө берилген эки айлык мөөнөт аяктады. Соттолуучулардын бөгөт чарасы дагы эки айга узартты.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Иш райондук сотто эки ай мурда карала баштап, соттолуучулардын бөгөт чарасы үй камагы деп аныкталган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты