​Сот Kyrgyztoday сайтын Келдибековго 30 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

  • 4 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту Kyrgyztoday сайтын парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибековго 30 миң сом төлөп берип, талаш жараткан макалаларды өчүрүүгө милдеттендирди.

Келдибеков бул басылмага каршы өткөн жылы декабрда доо арыз жазган.

Сайттын ээси Бегалы Наргозуевдин айтымында, мурдагы төрага эки макаладагы айрым билдирүүлөрдү төгүндөп, бир миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

— Ал «Коррупцияга айыпталган Акмат Келдибеков», «Акмат Келдибековду коррупцияга айыптап камакка алганда» деген макалалардагы билдирүүлөрдү төгүндөөнү талап кылууда. Биз муну сөз эркиндигине басым деп баалайбыз. Биз да өз жүйөлөрүбүздү айтабыз. Келдибековду «коррупционер» деген жокпуз, «коррупцияга айыпталган» дедик. Анын коррупцияга айыпталганын элдин баары билет, — деп билдирди Наргозуев.

Былтыр күзүндө Бишкектин Октябрь райондук соту Келдибековдун арызынын негизинде «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди ага 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирген. Анда мурдагы төрага гезитте басылган айрым маалыматтар «кадыр-баркыма шек келтирди» деп, «Азия Ньюска» каршы эки арыз жазган.

Экөө тең анын пайдасына чечилип, «ар бирине миллион сомдон, жалпысынан эки миллион сом төлөнсүн» деген чечим чыккан.

Акматбек Келдибеков «Коррупция» беренеси менен соттолгон. 2016-жылы мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. Бир жылдан кийин анын соттолгону алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты