​Асан Жакшылыковдун Түркиядагы кечеси

Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковдун 70 жылдыгына байланыштуу чыгармачылык кечеси Түркияда өттү.

Алгач Анталия шаарында чыгармачылык кечеси кызыктуу жана жагымдуу маанайда өттү. Ага Түркияда жашаган, иштеген кыргызстандыктар катышты.

Андан соң жолугушуу ошондой эле жылуу маанайда Анкара шаарында уланды. Анын өтүшүнө Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Евразия жазуучулар союзу, Түрксой уюму колдоо көрсөттү.

Иш-чарага бир катар коноктор чакырылган. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгына маани берип, анын ой чабытын белгиледи. Түркияга келип, ырларын таанытып жатканына ыраазычылык билдирди.

Белгилүү адабиятчы-тилчи, Анкара университетинин профессору Гүлзуура Жумакунова акын-жазуучунун өмүр баянын жана чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктөрдү катышуучуларга түрк тилинде кеңири айтып берди.

Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуб Өмероглу Жакшылыковдун чыгармачылыгына токтолду. Түрксой уюмунда, Евразия жазуучулар союзунда кыргызстандык акын-жазуучуларга колдоо көрсөтүлүп тураарын айтты.

”Kardeş kalemler”аттуу журналда ар түрдүү улуттун акындарынын ырлары түрк тилине которулуп чыгып тураарын жана ноябрь айындагы жыйнакка Асан Жакшылыковдун да ырлары жана өмүр баяны, бул өткөрүлгөн иш-чаракире тургандыгын билдирди.

Өткөн жылдары кыргыз акындарынын 400гө жакын китеби түрк тилинде басылыпчыккан. Алдыда акындын да китебин чыгарабыз,- деди.

Кыргызстандын Түрксойдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин калемдешинин чыгармачылыгы туурасында омоктуу ойлорун ортого салды. Анын ырларынын мазмуну тереңдигин, өзгөчөлүктөрүн айтты.

Асан Жакшылыков “Манас”эпосунун улуулугу жөнүндө кеп салып, руханий мурасыбыздын күчүн белгилеп кетти. Чыгармачылыгындагы жаңылыктарды айтып, ырларынан окуду.

Анкара университетинин тил, тарых география факультетинин студенттери даярдаган кыргызча программа отургандардын көңүлүн өзүнө бурду. Өзгөчө Осман Шахин аттуу студенттин Манас айтканы жагымдуу маанай калтырды.

Бир катар студенттер кыргыз ырларынан, анын ичинде Токтогул Сатылгановдун“Өмүр”, Калый Молдобасановдун “Ысык-Көл” аттуу ырларын аткарышты. Асан Жакшылыковдун ырларынан окушту.

Кеченин соңунда акынга мекендештери тарабынан белектер тапшырылды.

А. Жакшылыков 1949-жылы 6-октябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Миң- Булак айылында туулган.

“Улуу Шашке” (1977), “Бейпил көктөм” (1979), “Белес” (1981), “Макмал Төр” баштаган ырлар жана поэмалар жыйнактарынын, “Мээрим” (1987) аттуу ыр түрүндө жазылган романдын автору болуп эсептелет.

Клара Кудайбергенова, журналист, Түркия

Сүрөт: Алмазбек Асанбаев — ТРТ радиосунун редактору.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты