Жээнбеков Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды.

Мамлекет башчы Кыргызстан Кувейт менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Биргелешкен кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары аймактык өнүктүрүү, айыл чарба, санариптештирүү, социалдык объектилерди куруу жана туризм тармактарын атады.

Кувейт Эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатук Кувейт Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты