Финпол күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатууну аныктады
- 5 лет мурун
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) Бишкек шаардык бөлүмү күйүүчү-майды башаламан сатуу фактысын аныктады.
Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунда, Сулайман Тоо жана Тагай бий көчө кесилишинде, Сулайман Тоо жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишинде «Аи-92» маркасындагы бензин жана дизель майы мыйзамсыз сатылып жаткан.
Ал жерди текшергенде уруксаты жок 2 тоннадай бензин табылган.
Сүрөт: Финпол басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү