«Бир дүйнө — Кыргызстан 2019» фестивалы балдар укуктарын коргоо темасына арналат

  • 4 года мурун

Быйыл «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюму тарабынан уюштурулуп келген документалдык тасмалардын фестивалы балдар укуктарын коргоо темасына арналат.

Бул тууралуу фестивалдын аткаруучу директору Райхан Абдрайимова билдирди.

Анын айтымында, 11-15-ноябрда өтө турган фестивалда балдардын укуктарын чагылдырган 20дан ашык документалдык тасма ат салышат. Мындан тышкары балдар укуктарын коргоого арналган 15 семинар өткөрүлөт.

12 жылдан бери уюштурулуп келаткан бул фестивалда жалпысынан 450дөн ашык документалдык тасма көрсөтүлдү. Жыл сайын анын программасы адам укугун коргоо боюнча темалардын бирине арналат.

Сүрөьт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты