​Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы боюнча чечим 24-октябрда чыгат

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик укуктан ажыратуунун мыйзамдуулугу боюнча Жогорку соттун конституциялык палатасы 24-октябрда чечим чыгарат.

Атамбаевдин юристтери кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечимди мыйзамсыз деп эсептешет. Алар “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2019-жылдын 15-майындагы мыйзамын Конституцияга каршы келет деп эсептешет.

“Жарыш сөздөн кийин конституциялык палатанын коллегиясы чечим чыгарышы керек эле. Бирок төрагалык кылуучу жыйынды токтотуп койду. Жумуш күнүнүн аякташына дагы 15 мүнөт бар болчу” деди адвокат Нурбек Токтакунов.

Конституциялык палата мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин, чечимди эртең, 24-октябрда, чыгарышарын билдирди.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевдин экс-президенттик укуктан ажыраткан.

Мурдагы президентке Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты