​Транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү иши жеңилдетилди

  • 5 лет мурун

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен өкмөттүн 2019-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:

— юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюлду;

— транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине «биргелешкен ээси» жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;

— чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;

— ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;

— бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.

Өкмөттүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук жана тракторист-машинист күбөлүктөрүн берүүнү эрежелери» жөнүндө токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

— айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюлду;

— медициналык маалымдаманын мөөнөтү бир жылга чейин узартылды;

— чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюлуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат;

— окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт;

— бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер менен жүргүзүлөт.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты