Аалы Карашев кийим тигүү тармагында экспорт 60%га азайып кеткенин айтты
- 5 лет мурун
Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеӊештин депутат Аалы Карашев кийим тигүү тармагында экспорт 60 пайызга азайып кеткенин билдирди.
Анын айтымында, 8 айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экспорту төмөндөп кеткен.
Өнөр жайдын флагманы болгон кийим тигүү тармагында экспорт 60%га азайып кеткен. Ал эми сыртта жүргөн мигранттарыбыздын акча которуусу 10%га азайган.
Ошондой эле депутат өкмөттүн фискалдаштыруу, маркировкалоо жана башка жаӊычыл иш-аракеттер боюнча иши экинчи планга калып жатканын сынга алды.
Муну бөлүшүү