№16 түзөтүү мекемесинин кызматкери жана Биринчи май ИИБ кызматкери кармалды

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жана Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Алар Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖМАК) түзөтүү мекемесиндеги соттолгондордун бирине карата кечирим берүү маселесин чечүү үчүн каражат алууга шектелүүдө.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 16-түзөтүү мекемесинин кызматкери Ж.Д. жана Биринчи май райондук ИИБ кызматкери Т.Н. 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын апрелине чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 1- түзөтүү мекемесиндеги соттолгон адамдын ишенимине кирип, ага кечирим берүү үчүн ири суммадагы акча алгандыгы аныкталган.

Кийинчерээк соттолгон кишинин кечирим алуусу четке кагылган.

Аталган фактынын негизинде УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 16- түзөтүү мекемесинин кызматкери Ж.Д. жана Биринчи май райондук ИИБнин Т.Н. аттуу кызматкери кармалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты