Советтик космонавт Алексей Леонов дүйнөдөн кайтты
- 4 years мурун
10-октябрда 86 жаш курагында советтик космонавт Алексей Леонов дүйнөдөн өттү.
Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.
Алексей Леонов 1960-жылы советтик космонавттар тобуна кабыл алынган.
1965-жылы ал биринчи жолу космоско учкан. “Павел Беляев жетектеген “Восход 2” кораблинде тарыхта биринчи болуп ачык космоско чыгып, анда 12 мүнөт болгон.
Сүрөттөр: РИА Новостиден.
Муну бөлүшүү