Батукаевдин иши боюнча сотко мурдагы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева келди

  • 5 лет мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум бүгүн каралат. Ага мурдагы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева келди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревдин журналисттерге билдиришинче, бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүүдө.

Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гемотология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Слесарев Азиз Батукаевдин ишиндеги калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы башка экенин билдирди.

Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыкпас илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты