Баткен ИИБ: “Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев милицияга автоунаа берген жок”

  • 4 года мурун

Интернет түйүндөрүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев эки джип үлгүсүндөгү автоунаасын Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырды деген маалыматтар чындыкка дал келбегенин Баткен облустук милициясы билдирди.

7-октябрда саат 18 дер чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Эркин Мамбеталиевге тиешелүү болгон «Chevrolet –suburman» үлгүсүндөгү, мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки автоунаа токтотулган. Азыркы күндө Кадамжай райондук милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаалар текшерилип жатат, -деди Баткен ИИБ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты