КР ТИМ: Башкы консулдук Новосибирскидеги мушташ боюнча орус полициясы менен иш-аракет жасоодо
- 6 лет мурун
7-октябрда Россиянын Новосибирск шаарынын «Хилоский» жашылча-жемиш базарынын аймагында жапырт мушташта Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулдугу козголгон кылмыш ишине байланыштуу орус полициясы менен иш-аракет жасоодо.
Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу окуя болгон жерге барып, кыргызстандык жарандар жана укук коргоо өкүлдөрү менен жолугушту.
Козголгон кылмыш ишине байланыштуу башкы консулдук Новосибирск облусунун полициясы менен иш-аракет жасоодо, -деп билдирди
ТИМ маалымат департаменти.
Новосибирск шаарынын базарында болгон жапырт мушташка кыргызстандыктар да катышкан.
Муну бөлүшүү