Чүй ИИБ башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 298 520 сом бөлүндү
- 5 лет мурун
Чүй райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусу үчүн саламаттык сактоо министрлигине 1 298 520 сом бөлүнөт.
Бул тууралуу буйрукка 2-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Самат Курманкуловду 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна жөнөткөн.
Азыр Курманкулов реабилитация борборунда дарыланууда.
Сүрөт: Интернет булактьарынан.
Муну бөлүшүү