ЖЭБ модернизациясы: Камактагылардын камак мөөнөтү узартылды
- 5 лет мурун
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча бүгүн, 7-октябрда, кезектеги сот отуруму болду.
Бул иште мурдагы финансы министри Ольга Лаврова баштагыдай эле үй камагында калды. Ал эми мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкуловдун камак мөөнөтү 12-декабрга чейин узартылды.
ЖЭБ модернизациясы боюнча жогоруда аты аталгандар шектелүүдө.
Муну бөлүшүү